Тоо-кен тармагындагы чыр-чатактарды ведомстволор аралык жумушчу топ чечет

25.02.2021, 10:30 Акчабар
Тоо-кен тармагындагы чыр-чатактарды ведомстволор аралык жумушчу топ чечет

Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Ведомстволор аралык жумушчу топ тоо-кен тармагындагы маселелерди чечүү боюнча иш-чаранын планын иштеп чыгуусу керек. Жумушчу топко тийиштүү суроолорду чечүү үчүн керектүү учурда министрлик, админстративдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик админстрациянын жана жергиликтүү башкаруу органдардын, көз карандысыз эксперттердин жана коомдук активисттерди ишке тартууга укук берилди.

Азыркы учурда жумушчу топтун тизмесине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү башкаруу органдардын өкүлдөрү кирди. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы болуп саналат.

Тэги: Тоо-кен жумушчу топ премьер-министр Улукбек Марипов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть