Опубликовано
28.09.2020, 08:00Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасы негизделген күн жана «Күз ортосу майрамына» карата кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт-унаа жолу» жана «Эркечтам-унаа жолу» өткөрмө бекеттери 1-4-октябрь күндөрү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
[news 28224]
Чек ара кызматы билдиргендей, аталган эки көзөмөл өткөрмө бекети 5-октябрдан тарта иштей баштайт.