Трамп: коронавирустун жайылышына байланышкан абал начарлашы мүмкүн

23.07.2020, 11:05 Акчабар
Трамп: коронавирустун жайылышына байланышкан абал начарлашы мүмкүн

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөдө коронавирустун жайылышына байланышкан абал начарлай турганын эскертти.

Трамп 21-июлда Ак үйдө өткөн брифингде Кошмо Штаттардын айрым бөлүктөрүндө абал курч экенин айтып, кишилерди беткап тагынып жүрүүгө чакырды. Анын айтымында, беткап вирустун тарашына тоскоол болот. Буга чейин Трамп өзү бир нече ай бою беткап тагынуудан баш тартып келген.

Мындан тышкары президент өлкөдө вакцина иштеп чыгууда жана бейтаптарды дарылоодо бир топ жылыштар болуп жатканын кошумчалады.

Акыркы суткада COVID-19 миңден ашык америкалыктын өмүрүн алды. Бул 10-июндан берки эң жогорку көрсөткүч.

Соңку маалыматтар боюнча АКШда вирус жуктургандардын саны 4 миллиондон ашып, 145 миңге жакын бейтап каза болду.

Тэги: АКШ Дональд Трамп коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть