Транспорт жана жолдор министрлигинин 2 кызматкери пара менен кармалды

10.06.2020, 14:45 Акчабар
Транспорт жана жолдор министрлигинин 2 кызматкери пара менен кармалды

Финансы полициясынын кызматкерлери Транспорт жана жолдор министрлигинин оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан байма-бай акча талап кылып жүргөн кылмыштуу топтун бетин ачышкан. Бул тууралуу финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамкызматкерлер ар бир оор жүк ташуучу унаадан 500 сомдон 2 миң сомго чейин мыйзамсыз акча алып турушкан.

2020-жылдын 8 – июнунда жүргүзгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында, Транспорт жана жолдор министрлигинин эки кызматкери пара алып жаткан жерден кармалган.

«Оор жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери өзүлөрүнө жана башкаларга пайда алып келүү үчүн мамлекетке зыян келтиришкен. Тагыраагы, 13 тоннадан ашык жүгү бар автоунааларды туура эмес эсептеп, киргизип турушкан. Мунун кесепетинен бюджетке жана республиканын чоң жолдоруна зыян келтирилген», - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Кармалгандар Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайга киргзилди. Андан сырткары, министрликтин дагы башка кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө.

Тэги: коррупция кызматкер Пара Финансы полициясы Транспорт жана жолдор министрлиг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть