Камакка алынган Транспорт министрлигинин статс-катчысы бюджетке 2,5 млн сом төктү

11.01.2021, 14:30 Акчабар
Камакка алынган Транспорт министрлигинин статс-катчысы бюджетке 2,5 млн сом төктү

9-январда Эрмек Мамыркалиев өз каалоосу менен келтирилген чыгымдын 2.5 млн сомун кайтарып берди. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындан соң, биринчи май райондук соту Мамыркалиевди үй камагына чыгаруу тууралуу чечимин кабыл алды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш ишинде Финансы полициясы тарабынан ар түрдүү рангдагы 30га жакын аткаминерлер кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Андан сырткары, коррупциялык схема боюнча келтирилген зыян 20 миллион сомду түзгөн, анын дээрлик бардыгы Финансы полициясы тарабынан бюджетке кайтарылды.

Эске сала кетсек, Мамыркалиев Финансы полициясы тарабынан 2021-жылдын 7-январында кылмышка шектелип кармалган.

Тэги: Эрмек Мамыркалиев келтирилген чыгым

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть