akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    23.02.2022, 08:51

    Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Салмак-габариттик көзөмөл пунктунун инспекторлору оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин маалымат кызматынан кабарлашты.

    Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салмак-габариттик контролдоо пункттарынын системасында коррупциялык схеманын бар экендиги тастыкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси “Коррупция” боюнча кылмыш ишинин козголушуна негиз болгон.

    Анын натыйжасында салмак-габариттик көзөмөл бөлүмүнүн эки инспектору пара алып жаткан жеринен кармалышты.

    Учурда толук, ар тараптуу жана объективдүү тергөөгө багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилет.


    Читать похожее

    • 23.02.2022, 02:51:02