Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    18.09.2020, 04:20

    1-сентябрга карата шаардык бюджетке кыймылдуу мүлктөн түшкөн салыктын көлөмү, алдын ала коюлган 256.7 млн сом пландын ичинен 142.9 млн сом түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

    [news 28123]

    Шаардык бюджетти толтуруу максатында, Ленин райондук акимиаттын кызматкерлери райондук салык кызматы менен биргеликте транспортторго текшерүү жүргүзүшкөн.

    «Жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, кыймылдуу мүлккө салык төлөөдөн качкан унаа ээлерин, ошондой эле иштөөгө уруксаты жок жеке кабиналар менен алектенген ишкерлерди аныктадык. Учурда текшерүү иштери улантылууда», - деп белгилешти мэриядан.

    Эске сала кетсек, салык кызматы 2-сенятбрга чейин салык төлөбөгөндөр үчүн айып салынарын билдирген. Физикалык жактар үчүн айыптын көлөмү 1 мин сомду, юридикалык жактар үчүн - 5 миң сомду түзөт.


    Читать похожее

    • 12.06.2024, 21:35:40
    • 16.05.2024, 21:45:28
    • 13.09.2023, 21:30:37
    • 07.10.2020, 04:00:59