Түркия дүйнөдө телесериалдарды экспорттоо боюнча үчүнчү орунда

23.02.2024, 10:40 Акчабар
Түркия дүйнөдө телесериалдарды экспорттоо боюнча үчүнчү орунда

Түркия Америка жана Улуу Британиядан кийин дүйнөдө телесериалдарды (сценарийдик) экспорттоо боюнча үчүнчү орунда турат. Бул тууралуу “The Economist” басылмасы жазды.

Аналитикалык компаниянын маалыматы боюнча, 2020-2023-жылдар аралыгында түрк драмаларына дүйнөлүк суроо-талап 184%га өскөн, ал эми корей драмаларына суроо-талап салыштырмалуу 73%га өскөн.

Түрк телесериалдары Жакынкы Чыгышта гана эмес, Европа менен Латын Америкада да популярдуу. 2023-жылы түрк сериалдарынын жаңы эң чоң үч импорттоочусу Испания, Сауд Арабиясы жана Египет болгон.

Белгилеп кетсек, Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстанда да түрк сериалдарын көргөндөр көп. Кыргызстанда түрк сериалдарынын көрармандарга тийгизген психологиялык таасири тууралуу изилдөө иштери да бар.

Тэги: Түркия телесериал экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть