Түркия Кыргызстанга дары-дармек жана медициналык буюмдарды берет

18.03.2022, 15:45 Акчабар
Түркия Кыргызстанга дары-дармек жана медициналык буюмдарды берет

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 17-мартта Түркияга болгон иш сапарынын алкагында бул өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда «Усхаш» мамлекеттик акционердик коомунун (дары-дармек жана медициналык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу орган) өкүлдөрү, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин өкүлдөрү катышты.

Сүйлөшүүдө Кыргызстанды дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыздоо, ошондой эле оор дартка чалдыккан кыргызстандыктарды Түркияда дарылоо үчүн квоталардын көлөмүн көбөйтүү маселеси талкууланды.

"Жыйынтыгында Түркия Кыргызстанга дары-дармек жана медициналык буюмдарды берүү боюнча макулдашууга жетишилди. Дары жеткирүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин уюштуруу боюнча чараларды көрөт. Бул Украинадагы кырдаалды эске алуу менен кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан дары рыногун толуктоого мүмкүндүк берет",- деп айтылат маалыматта.

Тэги: дары-дармек медициналык буюмдар Түркия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть