Опубликовано
06.04.2022, 05:45Түркиянын Даламан жана Анталья шаарларынан “Ош” эл аралык аэропортуна каттамдарды ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, авиакаттамдар “Пегасус” авиакомпаниясы тарабынан аткарылат.
Анын алкагында, “Анталья-Ош-Анталья” багыты боюнча каттам 2-июндан 29-сентябрга чейин, дүйшөмбү жана жума күндөрү уча турганы пландалып жатат.
“Даламан-Ош-Даламан” багыты боюнча каттамды 4-июндан 27-сентябрга чейин, шаршемби жана ишемби күндөрү аткаруу пландалууда.