«Түндүкэлектр» 1-мартта беш миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт

26.02.2021, 16:00 Акчабар
«Түндүкэлектр» 1-мартта беш миңден ашуун абоненттин жарыгын өчүрөт

«Түндүкэлектр» ишканасы 2021-жылдын 1-мартынан баштап өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 5 миңден ашуун турмуш-тиричилик абонентинин электр жарыгын аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, абоненттердин ыңгайлуулугу үчүн бөлүштүрүү компаниянын сайтында «Абоненттин балансы» рубрикасы иштейт. «Түндүкэлектр» ишканасынын баардык абоненттери өздөрү каалаган убакытта өздүк эсебин көрө алат.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. «Түндүкэлектр» ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, «UMAI», «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр болот, төлөм тууралуу билдирме «Түндүкэлектрдин» маалымат базасына ошол замат түшөт.

Тэги: Түндүкэлектр Ишкана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть