«Түндүкэлектрдин» айрым кызматкерлерине аралыктан иштөөгө уруксат берилди

24.06.2020, 10:45 Акчабар
«Түндүкэлектрдин» айрым кызматкерлерине аралыктан иштөөгө уруксат берилди

Кечээ, 23-июнда «Түндүкэлектр» ААКнын коронавирустун жайылуусуна жол бербөө жана алдын алуу максатында түзүлгөн ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу компаниянын басма соз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө илдетти жуктургандардын санынын өсүп жатышына байланыштуу жыйында санитардык нормаларды сактоо жана башка бир катар иш-чараларды күчөтүү тууралуу маселе көтөрүлдү.

«Түндүкэлектр» ААКнын башкы директору Искендер Кадыркулов тиешелүү бардык эрежелерди сактоону, адамдар көп аймактан алыс болууну, беткап тагынып, санитардык талаптарды так аткарууга чакырды. Андан тышкары компаниянын ар бир кызматкери жоопкерчиликтүү түрдө ден соолугуна кам көрүп, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн бардык эрежелерди аткаруу керектигин белгиледи.

Эске сала кетсек, «Түндүкэлектр» ААКнын илдетке каршы бардык мекемелерин, кызматтык унааларды маал-маалы дезинфекциялап турат. Андан тышкары кызматкерлер ишке келүүдө сөзсүз түрдө беткап тагынышып, дарыгер тарабынан тепловизор менен дене табы текшерилип, анан ишке киришет. Кардарларды кабыл алууга чектөөлөр киргизилип, мекемеге кире бериште санитайзер коюлган. Ошондой эле, четтен иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар кызматкерлерге аралыктан иштөөгө уруксат берилди.

«Түндүкэлектр» ААК жарандарды бардык коопсуздук эрежелерин сактоого жана адамдар көп чогулган аймактан алыс болууга чакырат!

Тэги: Түндүкэлектр коронавирус компания

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть