Министр: Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 70 пайызга бүткөрүлдү

25.12.2020, 13:00 Акчабар
Министр: Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 70 пайызга бүткөрүлдү

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 70 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Бакыт Бердалиев билдирди.

Анын айтымында, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 433 чакырымынын 193 чакырымына асфальт төшөлдү.

Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору Санжар Асаналиев белгилегендей, аталган альтернативдүү жол 5 долбоорго бүлүнөт.

«1-фазасында быйыл курулуш иштери жүрдү. Бирок пандемияга байланыштуу жумуштар план боюнча аткарылбай калды. Бирок ал фазадагы туннелди 2021-жылы бүтүрүү пландалууда. 2-фазада 20 км чакырым пландалган. Ал жолдун 17 чакырымына асфальт төшөлдү. Анда да эки эстакадалык көпүрө бар: биринчиси 1076 метр, экинчи 396 метрге созулат. Ал 90%га бүттү. 3-фаза 3 долбоорго бөлүнгөн. Анда жер жумуштары, суу түтүктөрү боюнча иштер жүрүүдө», - дейт ал.

Тэги: Бакыт Бердалиев альтернативдүү жолу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть