«Бишкек-Ош» унаа жолунда альтернативдик туннель курулат

18.12.2019, 11:45 Акчабар
«Бишкек-Ош» унаа жолунда альтернативдик туннель курулат

«Бишкек-Ош» жолунун 110-115-чакырымында альтернативдик туннель куруу каралууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди.

Айтымында, туннелдин сметалык баасы — 235-250 миллион долларды түзөт.

«Туннелдин узундугу 11 чакырым болуп, ал өзүн 15 жылда актайт деп жатабыз, учурда анын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда», — деди Бакыт Бердалиев.

Маалым болгондой, альтернативдик туннель үчүн акы алынат.

Тэги: Бишкек-Ош-Бишкек унаа жолу туннель

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть