Опубликовано
24.10.2019, 11:452018 – жылы өндүрүш ишканалары тарабынан туризм тармагын өнүктүрүүгө 768,4 млн сомго товар өндүрүлгөн. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 8,5% көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
2018 – жылга салыштырмалуу, 2019 – жылы улуттук кийимдер 3,1 эсеге көп чыгарылган, калпак – 23%, килем – 17,1% көп өндүрүлгөн.
2018 – жылы 2014 – жылга салыштырмалуу улуттук кийимдер 14,5 эсеге көп чыгарылган. Боз үй – 2 эсеге, килем – 3,6 эсеге көп өндүрүлгөн.
Калпак 2,1 эсеге аз тигилген.