Түркиянын төлөм тутуму Кыргызстандын рыногуна «Бай-Түшүм» банкы аркылуу кирет

04.03.2021, 13:00 Акчабар
Түркиянын төлөм тутуму Кыргызстандын рыногуна «Бай-Түшүм» банкы аркылуу кирет

Чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү жана физикалык жактар мындан ары «Бай-Түшүм» банкы аркылуу түрк бизнес коомчулугу менен өз ара эсептешүүлөрдү ыңгайлуу тарифтер менен жүргүзө алат. Бул тууралуу банктын басма сөз кызматы билдирди.


UPT ODEME HIZMETLERI VE ELEKTRONIK PARA A.S. төлөм тутуму менен «Бай-Түшүм» банкы өз ара келишим түзүүгө даяр. 11-март күнү Кыргызстандагы түрк бизнес жана Түркия элчилигинин өкүлдөрү менен расмий түрдө келишимге кол коюлат.


«Бул төлөм тутуму кыргыз рыногуна киргенде, ата мекендик бизнес жана физикалык жактар Түркиянын шаарларына каражат жөнөтө алышат. Атайын эсеп ачуунун кереги жок, өлкө боюнча дээрлик 10 миң пункт түзүлөт. Бул ишкерлердин өз ара эсептешүү мүмкүнчүлүктөрүн жөнөкөйлөтөт жана жакындардан каражатты оңой жана ылдам ала алышат», — деп белгилешти банктан.


Кошумчалай кетсек, акча которуулар түз жүргүзүлөт, убакытты үнөмдөйт, коопсуздугун күчөтөт жана лоялдуу комиссиянын жардамы менен аны кыйла пайдалуу кыла алат.

Тэги: акча которуу Банк Бай түшүм Бай Түшүм бизнес ишкерлер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть