Опубликовано
21.07.2020, 06:40Өнөкөштүк мамилелердин алкагында жана Кыргызстанда коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, түркиялык «ГАТА Хава Йоллары» (GATA HAVAYOLLARI VE TASIMACILIK A.S» жана «Манас» Эл аралык аэропорту» ААК ортосунда кайтарымсыз негизде медицина жабдыктарын жана каражаттарын берүү боюнча келишим жетишилген.
[news 26296]
Аэропорттун басма сөз кызматы кабарлагандай, келишимдин алкагында медициналык жабдыктар түрүндөгү биринчи партия келген:
Ошондой эле медициналык жабдыктардын жана каражаттарынын экинчи партиясы дагы күтүлүүдө.
Медициналык жабдыктар менен каражаттар «МЭА» ААКнын аймагында ачыла турган стационарда колдонулат. Стационарда аэропорттун кызматкерлерине жана жардамга муктаж жарандарга жардам көрсөтүлөт.
«Манас» Эл аралык аэропорту» өнөктөшү «ГАТА Хава Йоллары» ишканасына жана анын президенти Вугар Аббасовго терең ыраазычылыгын билдирет.