Тышкы карыздын көлөмү 9 млрд сомго өстү

17.03.2021, 11:45 Акчабар
Тышкы карыздын көлөмү 9 млрд сомго өстү

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын басымдуу бөлүгү, тагырагы 85.2% тышкы карызга тийиштүү. Январь айынын аягында тышкы карыздын көлөмү 4 млрд 221.61 млн долларды же 357 млрд 991.44 млн сомду түздү.

Республиканын тышкы карызы эки валютада — сом жана доллар менен эсептелинет. Мунун башкы себеби, эл аралык донорлордон карыз чет элдик валютада алынат. Өз кезегинде мамлекеттик карыз валюталык курстун өзгөрүүсүнө дагы көз каранды болот.

2020-жылдын аягында Кыргызстандын тышкы карызы улуттук валютада 348 млрд 571.15 млн сомду (же доллардын 82.6498 сом курсуна жараша 4 млрд 217.45 млн долларды), үстүбүздөгү жылдын январь айынын аягында 357 млрд 992.44 млн сомду (же 4 млрд 221.61 млн долларды) түздү. Доллар менен тышкы карыздын реалдуу өсүүсү 4.16 млн долларды же 352 млн 768 миң сомго (бүгүнкү күндөгү курска жараша 1$ - 84.8 сом) жетти.

Ошол эл учурда тышкы карыздын 2020-жылдын 31-декабрындагы көрсөткүч менен 2021-жылдын 31-январындагы көрсөткүчтүн айырмасы 9 млрд 421 млн 290 миң сомду түздү. Муну менен катар, карыздын реалдуу өсүшүнөн сырткары (-352 млн 768 миң доллар), тышкы карыз АКШ доллары менен алынган карыз 9 млрд 68.5 млн сомго жогорулады.

Тэги: доллар сом Тышкы карыз Улуттук валюта

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть