Тышкы карыздарды төлөөгө бөлүнгөн сумманын көлөмү жыл сайын өсүп турат

02.11.2020, 13:20 Акчабар
Тышкы карыздарды төлөөгө бөлүнгөн сумманын көлөмү жыл сайын өсүп турат

Кыргызстан 2021-жылы мамлекеттик карызды төлөө үчүн бюджеттин чыгашасынын көлөмүн көбөйтөт. 2021-жылдагы бекитилген бюджетке ылайык, мамкарызга 35.3 млрд сом жумшалат. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 2.5 млрд сомго көп.

Финансы министринин эксперти Сабыр Байдалиевдин айтымына караганда, бул чечим валюта рыногундагы курстун өзгөрүшү менен байланыштуу.

«Бизде бюджет улуттук валютада бекитилет. Тышкы карыздарды тейлөө ар турдүү валюта менен жүргүзүлөт», — деп түшүндүрдү ал.

Андан сырткары, пандемия маалында Кыргызстандын кирешеси кыйла төмөндөп кеткен. Буга байланыштуу өкмөт донорлорго кайрылууга аргасыз болгон.

«Бюджеттеги тартыштыктарды жоюу максатында, Кыргызстан кошумча насыяларды алган. Жалпысынан 330 млн $ алынды. Бул карыздардын пайыздарын төлөй баштайбыз. Ал эми жеңилдетилген шарт менен баштапкы сумма кана каралган. Ошол себептен келишим түзүлгөн биринчи күндөн баштап пайыздарды төлөй баштайбыз», - деди Байдалиев.

Эксперт кошумчалап кеткендей, карыздарды тейлөөгө бөлүнгөн сумманын көлөмү жыл сайын өсүп турат. Себеби, тышкы карыздардын баштапкы суммасын төлөө мөөнөтү жакындап келе жатат.

Тэги: Кыргызстан мамкарыз каражат Тышкы карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть