Үч-Коргон ГЭСи 145 млн долларга жаңыланат

07.02.2020, 14:00 Акчабар
Үч-Коргон ГЭСи 145 млн долларга жаңыланат

Азия өнүктүрүү банкы «Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууга 100 млн доллар каражат бөлөт. Анын ичинде жеңилдетилген насыя – 60 млн доллар, гранттык каражат – 40 млн доллар. Насыя 1, 5 үстөк пайызы менен 32 жылдык мөөнөткө берилүүдө.

Насыя келишимине каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Кэндис Мак Дэйган кол койгон.

Жогорку Кеңеште бул насыялык жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, долбоорду 45 млн доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоо керектөөсүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун насыя каражаттарын тартуу жолу менен камсыздоо пландалууда. Долбоордун алкагында тыштан келе турган жабдууларды салыктардан бошотуу түрүндө 15 млн доллар өлчөмүндөгү кошо каржылоо каралууда. Жыйынтыгында, долбоордун жалпы наркы – 160 млн доллар.

Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаровдун айтымында, Үч-Коргон ГЭСи толугу менен кайра курулса, электр энергиясын өндүрүү жогорулайт.

«Үч-Коргон ГЭСи толугу менен кайра курулса, 35-40 жыл аралыгында 216 МВт көлөмүндө электр энергиясын өндүрө алат. Каражат мурда Токтогул ГЭСин оңдоого алынган насыядан үнөмдөлүп калган. Ал Үч-Коргон ГЭСин оңдоого жумшалууда,» — деди Назаров.

Үч-Коргон ГЭСи 1961-жылы пайдаланууга берилген. Анын кубаттуулугу – 180 МВт. ГЭС бүгүнкү күндө оңдоого муктаж.

Белгилей кетсек, Үч-Коргон ГЭСи оңдолсо, 2023-жылдан тарта трансулуттук «CASA-1000” долбооруна жылына 1,5 млрд кВт/саат электр кубатын берип турууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. ГЭС «CASA-1000» долбооруна байланып жаткандыктан, жумшалган каражат 12 жыл аралыгында өзүн актайт деген божомол бар.

Айта кетсек, «CASA-1000» долбоору боюнча электр энергиясынын сатык наркы 1 кВт/саат – 5-7 цент.

Тэги: Үч Коргон ГЭС модернизация жаңылануу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть