Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

07.04.2020, 09:00

Кыргызстанда мамлекеттик жөлөк пул алгандардын саны 2020-жылдын 1-мартына карата 425.8 миң адамды түзөт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

[news 22926]

Анын айтымында, кошумча 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына (309 миң 407) ай сайын 870 сомдон «үй-бүлөгө көмөк» кошумча жөлөк пул төлөнүп берилет.

Ай сайын орточо эсеп менен 3 миң 9 сомдон, 93 миң 546 жаранга социалдык жөлөк пул катары төлөнүп турат.

2020-жылы балага сүйүнчүнү 22.9 миң жаран алган.

Эске сала кетсек, «Балага сүйүнчү» ар бир төрөлгөн наристеге 4 миң сомдон төлөнүп берилет. Эгерде бир убакта бир үй-бүлөдө үч же андан ашык бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнүп берилет.


Читать похожее

  • 12.06.2024, 21:12:50
  • 13.05.2024, 02:20:42
  • 06.05.2024, 23:45:08
  • 26.03.2024, 21:30:05