“Керемет Банк” мамлекетке келтирген зыяндын ордун толугу менен толтурду

25.04.2022, 13:55 Акчабар
“Керемет Банк” мамлекетке келтирген зыяндын ордун толугу менен толтурду

Козголгон кылмыш ишинин алкагында “Керемет Банк” ААК зыяндын ордун толугу менен толтурду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдамчылык фактысы боюнча катталган кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө акцияларынын 97,45% мамлекетке тиешелүү болгон “Керемет Банк” ААКсынын активдерин өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп ири өлчөмдөгү кредиттерди берүү менен мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган банктын жооптуу кызматкерлери А.К. тарабынан тиешелүү 5 жеке компанияга 2,6 млн доллар жана 323 млн сом өлчөмүндө насыяны банкка ашыкча баалоо менен ликвиддүү эмес мүлктү күрөөгө коюу менен берүүгө макулдук берилген.

“Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен “Керемет Банкка” келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, берилген насыяларды толук камсыз кылган А.К. тарабынан берилген күрөө менен мамлекеттик банк үчүн тобокелдиктер азайтылды. Күрөөгө коюлган мүлк “Керемет Банк” ААКнын пайдасына 406 млн 946 миң 950 сом өлчөмүндө камсыздалды жана кредиттер боюнча төлөмдөрдү төлөө графиги бузулган учурда бул кыймылсыз мүлк мамлекеттик банктын кирешесине айландырылат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: Керемет Банк өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть