Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

08.04.2024, 08:23

Депутат Дастан Бекешев парламентте жаңы киберкоопсуздук боюнча мыйзам карала турганын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Телеграм-каналына жазды.

Мыйзам долбоорун Улуттук коопсуздук комитети демилгелеген. Бул мыйзам менен УКМК киберкоопсуздукту камсыздап жана кибер кылмыштар менен күрөшүүнү каалайт.

Долбоордун максаты интернет - провайдерлердин УКМКнын айрым талаптарына баш ийишин камсыз кулуу жана алардын (ред. провайдерлердин) программалык камсыздоолоруна кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу.

Бекешевдин айтымында, аталган мыйзам долбооруна Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн интернет-провайдерлер да сунуштарын айтышкан. Бирок алардын сунушу кабыл алынган эмес.


Читать похожее