Украина жарандары бийликтен 150 млн $ компенсация алышат

14.04.2020, 16:00 Акчабар
Украина жарандары бийликтен 150 млн $ компенсация алышат

Украинанын жарандары пандемияга байланыштуу өкмөттөн 150 млн $ компенсация алышат. Бул тууралуу sng.today порталы социалдык саясат министрлигинин билдирүүсүнө таянуу менен маалымдады.

Белгиленгендей, каражат Дүйнөлүк банк тарабынан жардам катары бөлүнгөн.

Түзүлгөн келишимдердин алкагында, үстүбүздөгү жылдын май айында COVID-19 менен каршы күрөшүү үчүн, калктын аярлуу катмарын каржылоого 50 млн $, калган 100 млн $ социалдык коргоону жакшыртууга жумшалат.

Жардамдын биринчи бөлүгү пенсия, жөлөк пулдардын убагында төлөөгө бөлүнөт. Карантин учурунда Украина бийлиги субсидиянын көлөмүн жогорулатат.

Өлкөнүн бийлиги аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүүнү күчөтөт жана социалдык төлөмдөргө муктаж болгондордун санын азайтуун пландоодо.

Тэги: Украина жарандар бийлик 150 млн $

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть