Украинадагы кырдаал: Орус ишкерлери дээрлик 40 млрд долларга жакырланды

25.02.2022, 15:30 Акчабар
Украинадагы кырдаал: Орус ишкерлери  дээрлик 40 млрд долларга жакырланды

Украинадагы согуштун биринчи күнүндө орусиялык ишкерлер 39 миллиард доллар жоготту. Bloomberg (Каржы рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн каржылык маалыматтын эки алдыңкы АКШ провайдерлеринин бири) эсебин 24.kg жазды.

Маалыматка ылайык, эн баарынан "Лукойлдун" президенти Вагит Алекперовдун байлыгы бир күндө 6,2 миллиард долларга азайып, 13 миллиард долларга жетти.

"Северсталь" компаниясынын директорлор кеңешинин башчысы Алексей Мордашов 4,2 миллиард доллар жоготту (анын байлыгы 23 миллиард долларга чейин кыскарган).

"Норникель" компаниясынын президенти жана учурда Россиянын эң бай ишкери Владимир Потанин 3 миллиард доллар жоготуп, байлыгы 26,1 миллиард долларга чейин кыскарды.

Орусиянын Украинадагы “аскердик атайын операциясынын” фонунда, 24-февралда орус биржасы тарыхтагы эң ири кыйроого учурады. Москва биржасынын индекси 33,3 пайызга, РТС индекси 39,4 пайызга төмөндөдү. Евро менен доллардын куну 100 жана 90 рублга жакындап калды.

Аскердик агрессияга жооп иретинде Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы жаңы экономикалык санкцияларды жарыялады.

Тэги: байлык санкция экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть