Опубликовано
11.12.2020, 03:05Кыргызстандын Улуттук банкы 10-декабрда кайрадан интервенция өткөрдү. Бул ирет регулятор 21.15 млн доллар сатты.
[news 30639]
Белгилей кетсек, бул декабрь айындагы үчүнчү интервенция. Жалпысынан Улуттук банк декабрда 36.7 млн доллар сатты. Жыл башынан берки бул 29-интервенция, жалпысынан — 467.15 млн доллар сатылды. Муну менен катар америка валютасынын баасы коммерциялык банк жана акча алмаштыруучу жайларда 84.75 — 84.9 сомду түзүүдө.
Кошумчалай кетсек, Россияда Борбордук банктын маалыматына ылайык, рублдун долларга карата курсу 73.7 рублду түзүүдө. Акыркы жумаларда доллардын наркы төмөндөп жатат.