Опубликовано
28.01.2022, 06:02Улуттук банк кечээ, 27-январда валюта рыногуна 86 млн 500 миң доллар сатты. Бул тууралуу Башкы банктын расмий сайтында жарыяланган.
Бул банктын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч. Ошондой эле бул 2022-жылдагы экинчи ирет жасалган интервенция. Улуттук банк акыркы жолу 12-январда интервенция жасап, анда 70 млн 100 миң доллар сатылган.
Эске салсак, Улуттук банк 2021-жыл ичинде 15 ирет интервенция жүргүзүп, анда жалпы валюта рыногуна 702 млн 950 миң доллар саттыкка чыгарган.