Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды

23.06.2020, 08:45 Акчабар
Улуттук банктын дагы бир кызматкеринен коронавирус аныкталды

22-июнда Улуттук банктын кызматкеринде коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул Улуттук банкта коронавирус жуктурган үчүнчү учур. Учурда ал кызматкер дарыланууда жана оору жеңил түрдө өтүүдө. Илдет жуктурган кызматкер менен байланышта болгондордон ПЧР тестти алынып, алар үй карантинине киргизилген.

Эпидемиологиялык абалдын курчушуна байланыштуу Улуттук банк 23-июндан тарта кызматкерлеринин бир бөлүгүн үйдөн иштөөгө бошотууда. Ошол эле учурда банк штаттык режимде ишин улантат.

Тэги: Улуттук банк кызматкер коронавирус мекеме

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть