Улуттук банк эсептик ченди 5,5 пайызга чейин жогорулатты

24.02.2021, 12:25 Акчабар
Улуттук банк эсептик ченди 5,5 пайызга чейин жогорулатты

Кыргызстандын Улуттук банкы 2021-жылдын 22-февралында эсептик ченди (негизги ченди) 50 базистик пунктка, 5,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Чечим 2021-жылдын 24-февралынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалат.

Дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү COVID-19 пандемиясынын жайылышынан улам бир түрдүү эмес өңүттө өнүгүүдө. Эл аралык соода түзүмүндө көлөмдөрдүн төмөндөшү байкалган, ошол эле учурда дүйнөлүк товардык-чийки зат рыногунда бирдей эмес жагдай сакталып турат. Бардык мындай фактылар дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүнө сыяктуу эле, Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүктүн өнүгүшүнө да токтотуучу таасирин тийгизүүдө.

Өлкөнүн экономикасы кармалып турган ыргакта калыбына келүүдө. Өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү өлкөнүн бардык негизги секторлорунда сакталып турат. Ички талапта эч кандай жандануу жок, бирок өлкөгө акча которуулардын агылып кирүүсү боюнча алгылыктуу динамика ички талапты жандандыруу факторлорунун биринен болгон. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын өлкөгө акча каражатын которуунун таза агылып кирүүсү 2,0 пайызга жогорулап, 1,9 млрд долларды түзгөн.

Тэги: Улуттук банк эсептик чен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть