Опубликовано
13.01.2021, 05:30Кыргызстандын Улуттук банкы «Керемет Банктын» уставдык капиталындагы үлүшүн, кошумча акциянын эсебинен кеңейтти. Бул тууралуу банктан маалымдашты.
[news 31516]
Уставдык капиталдын үлүшүн Улуттук банк 96.3% - 97.45% чейин жогорулатты. Улуттук банк 100 сомдук номиналдан 27 млн баалуу кагаздарды тарткан. Муну менен катар бүгүнкү күндө 8 млрд 477 млн 58.8 миң сомдук акция пакетине ээлик кылат.
Кошумчалай кетсек, сатыктан түшкөн баалуу кагаздар «Керемет Банктын» уставдык капиталын жогорулатууга багытталат. Бул өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.