“Улуу көчмөндөрдүн мурасы”: 30дан ашуун долбоор сунушталды

16.02.2022, 14:30 Акчабар
“Улуу көчмөндөрдүн мурасы”: 30дан ашуун долбоор сунушталды

Президент Садыр Жапаров “Көчмөндөр мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйындын жүрүшүндө компаниянын ата мекендик экономиканы стимулдаштыруу, минералдык-сырьелук базаны, өнөр жайды, гидроэнергетикалык потенциалды, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган 32 долбоору, билим берүү, туризм, медицина тармагындагы долбоорлору сунушталды.

Сунушталган демилгелердин арасында Ысык-Көл облусунда цемент заводунун курулушу, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миллион тонна болгон “Кавак” күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү долбоору, Куттисай, Талды-Булак, Андаш кендерин өздөштүрүү бар, “Чоң-Кемин”, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын колдоо жана өнүктүрүү долбоору, өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларын куруу бар.

Мамлекет башчы сунуш кылынган долбоорлордун концепциясын жактырып, “Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ААКтын 2022-жылга карата бюджетин бекитип, долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” Улуттук холдинг компаниясы” ачык акционердик коому 2021-жылдын декабрында түзүлгөн.

Мекеменин негизги максаттарынын бири эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен жер казынасын пайдалануу жана экономиканын аны менен байланышкан тармактары жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн колдо болгон мамлекеттик ресурстарды максималдуу концентрациялоого жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат.

Тэги: Көчмөндөр мурасы кеңешме президент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть