«Улуу көчмөндөрдүн мурасынын» уставдык капиталык жыл ичинде 1 млрд сомго жеткирүү тапшырылды

22.02.2022, 09:20 Акчабар
«Улуу көчмөндөрдүн мурасынын» уставдык капиталык жыл ичинде 1 млрд сомго жеткирүү тапшырылды

"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясынын уставдык капиталынын өлчөмүн 1 млрд сомго чейин жеткирүү милдети Каржы министрлигине тапшырылды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин 2021-жылдын 29-январындагы тоо-кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында, министрлер кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы токтому менен Улуттук холдинг компаниясы "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" ААК түзүлдү.

Бул токтом менен ишкананын уставдык капиталынын өлчөмү 100,0 млн сомду түзүп, Каржы министрлигине 2022-жылдын ичинде коомдун уставдык капиталынын өлчөмүн 1000,0 млн сомго чейин жеткирүү милдети тапшырылды.

Уставга ылайык, холдингдик компания катары коомдун ишинин негизги түрү болуп, акциялар пакеттери коомдун менчигинде же башкаруусунда турган юридикалык жактарды натыйжалуу башкаруу саналат.

Компания мамлекеттик маанидеги пайдалуу кендерди жана башка кендерди иштетүү, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, инвестициялык жана инновациялык ишмердүүлүктү стимулдаштыруу, жаңы технологияларды жана башкаруунун алдыңкы ыкмаларын киргизүү ж.б.

Тэги: каражат Каржы министрлиги устав

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть