USAID Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы программаны ишке киргизди

10.02.2022, 10:52 Акчабар
USAID Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы программаны ишке киргизди

АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Борбор Азияда сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы программаны ишке киргизди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоордун жалпы бюджети 19 млн долларды түзөт. Беш жылдык программа Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда иштейт.

«Туруктуу экономикалык өсүш жана жумуш орундарын түзүү үчүн соода олуттуу мааниге ээ. КР өкмөтү коңшу өлкөлөр менен сооданы жана кызматташууну илгерилетүү үчүн көптөгөн ийгиликтүү чараларды көрдү. Бул ийгиликтерге таянуу менен, биз жаңы программанын алкагында кызматташтыкты улантабыз жана Кыргызстандын эли үчүн көбүрөөк соода мүмкүнчүлүктөрүн түзө алабыз деп үмүттөнөм», – деп белгиледи Кыргызстандагы USAID өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу Кит Симмонс.

Программанын алкагында экспортко маанилүү болгон сертификатташтыруу, каржылоо жана жүк ташуу сыяктуу кызматтарды кеңейтүүгө байланыштуу маселелер чечилет. Ошондой эле жергиликтүү компаниялар чет элдик сатып алуучулар менен таанышып, жаңы рынокторго чыгууга өбөлгө түзүү үчүн түрдүү жолугушуулар жана башка иш-чаралар уюштурлат.

Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты бөлүмүнүн башчысы Руслан Тыналиевдин айтуусунда, жаңы программа соода жол-жоболорун жеңилдетүү аркылуу сооданы жакшыртууга жардам берет. «Убакытты үнөмдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик жол-жоболорун оптималдаштыруу соода компанияларга оң таасирин тийгизет», - деди ал.

Белгилей кетсек, программанын максаты – Борбор Азияда экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Ал үчүн долбоор бажы жана чек ара контролдоо жол-жоболорун шайкештөөгө, соода жана инвестиция маселелеринде мамлекеттик жана жеке секторлордун өнөктөштүгүнө жана региондогу ишканалардын кызматташуусуна көмөктөшөт.

Кыргызстанда Борбор Азиядагы соода боюнча программа Экономика жана коммерция министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Соода-өнөр жай палатасы менен кызматташтыкта жүзөгө ашырылат.

Тэги: USAID Борбор Азия сооданы өнүктүрүү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть