USAID менен ДСУ Кыргызстанга 20 миң беткап жана колкап, 1,4 миң халат тапшырды

12.03.2020, 09:00 Акчабар
USAID менен ДСУ Кыргызстанга 20 миң беткап жана колкап, 1,4 миң халат тапшырды

11-март күнү АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) менен биргеликте КР Саламаттык сактоо министрлигине жеке сактануу каражаттарын тапшырышты. Ал Кыргызстан аймагында коронавирустун алдын алуу иштеринин алкагында болуп өттү. Сактануу каражаттары дүйнөдө коронавирстун жайылып жатканын байланыштуу алдын алуу иштерине жардам катары берилди.

Кыргызстанга 10 миң медициналык беткап, 10 миң колкап, 1,4 миң халат, 200 коргоочу көз айнек жана 200 респиратордук бепкат (FFP2) берилди.

Ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчилиги USAID'ден 25 өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга 37 млн доллар бөлүнөрүн билдирди.

КР саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдиргендей, бул жардам обсервацияларга, чек аралардагы карантиндик пункттарга жөнөтүлөт. Учурда ал жактарда 500дөн ашык медицина кызматкери иштеп жатат.

Тэги: ЮСАИД КР ДСУ Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть