Вакцинациядан өтүп MegaCom’дон 10 ГБ интернетти белекке алыңыз

16.08.2021, 16:15 Акчабар
Вакцинациядан өтүп MegaCom’дон 10 ГБ интернетти белекке алыңыз

Улуттук «Кыргызстан – жашыл зона» демилгесинин алкагында MegaCom компаниясы эмдөөнүн жок дегенде биринчи дозасын алган абоненттерине бонус - 10 ГБ интернет алуу мүмкүнчүлүгүн түздү. Бул лоялдуулук программасы «Альфа Телеком» ЖАК жана КРнын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан калкты эмдөөдөн өтүүгө шыктандыруу максатында ишке ашырылууда.

Бонуска ээ болуу үчүн жөнөкөй үч кадамды аткаруу зарыл:

  • Кыргызстандын аймагында жайгашкан каалаган эмдөө пунктунан COVID-19га каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алыңыз;
  • MegaPay мобилдик тиркемесин жаңылаңыз (Google Play жана App Store’до жеткиликтүү) жана онлайн-идентификациянын жөнөкөй процедурасынан өтүңүз;
  • «Кызматтар» бөлүмүн ачыңыз, андан кийин - «Тастыктама/QR-өткөрмө» жана инструкцияны аткарыңыз.

Бул бөлүмдө сиз вакцинация тууралуу тастыктаманы көчүрүп ала аласыз же QR-өткөрмөнү колдоно аласыз. Тастыктамада вакциналардын аталыштары жөнүндө толук маалыматтар жана анын компоненттери тууралуу камтылган.

MegaPay’дин заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуңуз, өзүңүзгө кам көрүп, ден соолукта болуңуз!

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги жарандарды эмдөөдөн өтүүгө жана беткап тагынууга чакырат. Биргелешкен аракет менен биз COVID-каатчылыгын биргеликте жеңип Кыргызстандагы бардык аймактарды коопсуз жашыл зонага киргизебиз.

* 10 ГБ көлөмдөгү интернет-топтом, эмдөөдөн өткөндүгүңүз Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан тастыкталгандан кийин, 2021-жылдын 13-августунан 30-сентябрына чейин (кошо алганда) бир гана жолу автоматтык түрдө берилет. 1-октябрдан тартып бериле турган бонустун көлөмү 5 ГБ өлчөмүндө болот. Акциянын аракет мөөнөтү чектелген.

Тэги: Мегаком бонус интернет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть