Валюталар курсу  — Доллардын курсу кайрадан 80 сомго чыкты

25.03.2020, 09:30 Акчабар
Валюталар курсу  — Доллардын курсу кайрадан 80 сомго чыкты

24-март күнү саат 18:00 баштап доллардын курсу кайрадан көтөрүлө баштады. Шаардагы кээ бир коммерциялык банк жана акча алмаштыруучу жайларда америка валютасы 80 сомдон сатылууда. Улуттук банк берген маалыматка ылайык, доллардын официалдуу курсу 77.6 сомду, евро - 83 сомду түзүүдө.

«Акчабардын» кабарчысы борбордун Москва-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруучу жайларга барып, валюталар курсунун бааларын аныктап келди. Маалыматка ылайык, АКШ доллары 79.5 сомдон 80 сомго чейин сатылып жатат.

Ал эми доллардын рублга карат наркы Орусиянын Борбордук банкы берген маалыматка ылайык, 80.88 рублду, евро - 86.7 рублду түзүүдө. Москва биржасында доллар 78.8 рубль менен, евро - 85.3 рубль менен сатылып жатат. Форексте доллар 78.7 рубль, евро - 85 рубль менен сатылып жатат.

Андан сырткары белгилей кетчү нерсе, Brent мунай затынынын бир баррелге болгон баасы 27.8 $, WTI мунайынын бир баррели - 23.9 $ менен сатылып жатат.

Тэги: валюталар курсу 80 сом доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть