Akchabarsearch
Источник фото: Президенттин сайты

Опубликовано

30.09.2020, 03:30

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын жолугушуусунда Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондун түзүү боюнча меморандумга кол коюлду. Андан сырткары, Венгер тарап Кыргызстанга 50 млн доллар насыя берет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

[news 28455]

Андан сырткары, бир катар макулдашууларга дагы кол коюлган;

  • Эки тараптуу салык төлөө;
  • инвестицияларды коргоо;
  • саламаттык сактоо тармагы;
  • экономиканы санариптештирүү;
  • айыл чарба тармагы жана башка:

«Пандемияга карабастан, дипломатиялык байланыштар улантылышы керек. Сиздин визитиңиз үчүн рахмат айтам», — деп ыраазычылыгын билдирген Венгрия премьер-министри Виктор Орбан Президент Сооронбай Жээнбековго.


Читать похожее