Вице-премьер-министр пандемия шартында кошумча ресурстарды тартуу боюнча кеңешме өткөрдү

24.06.2020, 09:30 Акчабар
Вице-премьер-министр пандемия шартында кошумча ресурстарды тартуу боюнча кеңешме өткөрдү

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова COVID-19 коронавирус пандемиясы шартында кошумча чараларды тартуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешме катышуучулары тарабынан белгиленгендей, пандемия шартында медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги байкалууда, буга байланыштуу кошумча кадрдык ресурстарды тартуу зарылдыгы келип чыгууда.

Жыйындын соңунда Билим берүү жана илим министрлигине жогоку окуу жайлардын ректорлору менен биргеликте Саламаттык сактоо министрлигине ЖОЖ окутуучуларынын жана клиникалык ординаторлордун катарынан мобилдик бригадаларда, call-борборлордо жана саламаттык сактоо тутумунун мекемелеринде иштөө үчүн дарыгер-адистердин тизмесин сунуштоо тапшырылды.

Кеңешмеге саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Бишкек шаардык мэриясынын саламаттык сактоо башкармалыгынын начальниги Бактыгүл Исмаилова, КӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруу иши башкармалыгынын начальниги Рыспек Жолдошбаевдер катышты.

Тэги: Вице-премьер-министр Аида Исмаилова COVID-19 кошумча чаралар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть