Вирус жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөнүп берилет

07.04.2020, 10:15 Акчабар
Вирус жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөнүп берилет

Вирус жуктурган дарыгерлерге компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация төлөп берүү маселеси каралып жатат.

«Компенсациянын суммасын комиссия аныктайт. Ооруп калган кызматкерлерге бир жолку компенсация төлөнүп берилет. Ал эми өлүм учуру катталса, анда башка сумма каралат», — деди министр.

Анын айтымында, ушул күндөрү өзгөчө абал учурунда дарыгерлердин макамы тууралуу мыйзам Жогорку Кеӊешке кароого киргизилет жана алар тез арада оӊдоолорду киргизүүгө даяр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 19 дарыгер вирус жуктуруп алды.

Тэги: вирус дарыгер компенсация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть