Январь айында түрдүү жөлөк пулдарга 1,144 млрд сом төлөндү

01.02.2022, 15:01 Акчабар
Январь айында түрдүү жөлөк пулдарга 1,144 млрд сом төлөндү

2022-жылдын январь айында калкка социалдык жардам ирээтинде түрдүү жөлөк пулдарды өз убагында төлөөгө 1 млрд 144 млн 278,3 миң сом төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өткөн жылдын ушул айында жөлөк пулдун жалпы суммасы 812 млн сомду түзгөн.

"Өлкөдө жалпысынан ай сайын социалдык жардамдын 10дон ашык түрү ар кандай категорияда муктаж болгондорго берилет”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, төлөмдөрдүн олуттуу өсүшү КРнын президентинин ата-энесинин экөөнөн тең ажыраган же ата-энесинин экөө тең белгисиз, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга, ВИЧ/СПИД менен жашаган энелер, ошондой эле бала кезинен майып чоңдор мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында болду. Бул категориядагылар үчүн жөлөк пул эки баскыч менен 50%дан 100%га чейин көтөрүлгөн.

Тэги: жөлөк пул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть