8 ай ичинде мамлекеттик бюджетке 76,3 млрд сом киреше түшкөн

20.08.2020, 09:40 Акчабар
8 ай ичинде мамлекеттик бюджетке 76,3 млрд сом киреше түшкөн

Борбордук казыналыктын алдын ала маалыматы боюнча быйыл январь-июль айларында мамлекеттик бюджетке 76,3 млрд сом киреше түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, белгиленген план 89,6%га аткарылып, бюджетке 8,9 млрд сом киреше түшпөй калган. 2019-жылдын ушул эле мезгилине караганда киреше 10,1%га же 8,6 млрд сомго аз түшкөн.

«Мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик бюджетке 39,9 млрд сом салык чогултулган. Белгиленген план 89,7%га аткарылып, бюджетке 4,6 млрд сом түшпөй калган. Өткөн жылга салыштырмалуу салыктык кирешелер 5,6%га же 2,4 млрд сомго азайган», - деп билдирет министрлик.

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 13,4 млрд сом бажы төлөм жана салык чогултулган. План 61,8%га аткарылып, бюджетке 8,3 млрд сом түшпөй калган. Былтыркы жылга караганда бажы төлөмдөрү менен салык 38,4%га же 8,4 сомго аз чогултулган.

«Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 17 млрд сомду түздү. Пландын аткарылышы - 106,3% (план 1 млрд сомго ашык аткарылган). 2019-жылга салыштырмалуу салыктык эмес кирелешер 5,1%га же 0,8 млрд сомго көп болгон», - деп билдирет министрлик.

Расмий трансферттерден 6 млрд сом түшүп, план 200,2%га аткарылган - белгиленген пландан 3 млрд сомго ашык. Былтыркы жылга караганда расмий трансферттер 27,8%га же 1,3 млрд сомго өскөн.

Тэги: Борбордук казына маалымат мамлекеттик бюджет млрд сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть