Опубликовано
10.03.2022, 06:54Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь айына карата 265, 0 млн долларды түздү жана 2021-жылдын январь айына салыштырганда 1,5 эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мында экспорттук жөнөтүүлөр 1,8 эсе, импорттук келип түшүүлөр 1,4 эсе жогорулады.
Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)
Импорт
Экспорт
Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь айына карата Орусияга (71,3 пайыз) жана Казакстанга (27,0 пайызга) туура келди.