akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    07.03.2022, 04:53

    Үстүбүздөгү жылдын январында салык органдарында 8 миң 139 жаңы салык төлөөчү катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

    Салык төлөөчүлөрдүн ичинен 1 миң 464 юридикалык жак, 6 миң 675 жеке ишкер.

    “2022-жылдын 1-февралына карата 710 миң 412 салык төлөөчү салыктык эсепке алынган. Алардын ичинен 133 миң 544 юридикалык жак, 334 миң 914 жеке ишкер, 241 миң 954 дыйкан жана фермердик чарба”,- деп айтылат билдирүдө.

    Эскерте кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү. Алардан тышкары жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлктүн, жер участоктун (короо-жай участкаларынан башка) менчик ээлери, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иш жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин тапшырууга милдеттүү


    Читать похожее

    • 24.04.2024, 05:45:38
    • 11.02.2024, 23:17:24
    • 12.01.2024, 05:45:42
    • 15.12.2023, 01:06:21