Январда Кыргызстандын ички дүӊ продуктунун өсүүсү камсыздалды

11.02.2022, 10:46 Акчабар
Январда Кыргызстандын ички дүӊ продуктунун өсүүсү камсыздалды

Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоо боюнча, 2022-жылдын январында, өткөн жылдын январына салыштырмалуу 1,0 пайызга көбөйүү менен 37 млрд. ашык сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 35 млрд. ашык сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1,1 пайызга көбөйдү.

"ИДПнын өсүү темпи негизинен, кызмат көрсөтүүчү тармактар тарабынан камсыздалды. Ошол эле учурда, эгерде 2021-жылдын январында кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,2 пайызга төмөндөсө, үстүбүздөгү жылдын январь айында 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу алар, тескерисинче 4,0 пайызга көбөйгөн. Муну менен катар товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 3,0 пайызга (2021-жылдын январында - 10,0 пайызга) төмөндөгөн",- деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүш (50,4 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келген. Бул өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 1,2 пайыздык пунктка көп, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү январь айынын деңгээлинде калган. Өткөн жылы 36,0 пайзды түзгөн. ИДПнын түзүмүндө өнөр жайдын үлүшү 24,1 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6 пайыздык пунктка төмөн. Курулуштун үлүшү өткөн жылдын январь айынын деңгээлинде калып, 2,6 пайызды түзүдү. Ал эми айыл чарбасынын үлүшү 0,6 пайыздык пунктка көбөйүп, 9,3 пайызды түзүдү.

Тэги: ИДП кызмат көрсөтүүчү тармактар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть