Японияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселеси талкууланды

24.03.2022, 09:25 Акчабар
Японияда кыргызстандыктарды ишке орноштуруу маселеси талкууланды

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Хамура шаарынын мэри Хашимото Хиротака менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Япония тарабына Японияга Кыргызстандын органикалык айыл чарба продукциясын экспорттоо жаатында кызматташуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Японияда ишке орноштуруу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Тэги: Хамура шаары мигрант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть