akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: MegaCom

    Опубликовано

    01.04.2022, 05:40

    MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору кыргызстандыктарды ыйык Рамазан айынын жана Орозонун башталышы менен куттуктайт. Муну менен катар эле MegaCom бардык абоненттер орозо-битир, зекет, жана жетим балдарга каалаган кайрымдуулук суммасын MegaPay тиркемеси аркылуу которо ала тургандыгын эсиңиздерге салат.

    Бардык мусулмандарга берүүгө сунушталган орозо-битирден топтолгон каражат Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эсебине түшөт.

    Орозо-битирди кантип төлөсө болот?

    • App Store же Google Play’ден MegaPay тиркемесин жүктөп же жаңылоо керек;
    • андан кийин «Төлөм» бөлүмүнө кирип ал жактан «Кайрымдуулук» баракчасына өтөсүз;
    • «Орозо-битир», «Зекет» же «Жетим балдарга» баракчасын тандаңыз;
    • «Реквизиттер» катарына телефон номериңизди жана кайрымдуулуктун суммасын жазыңыз.

    Ошондой эле Орозо-битирди MegaPay аркылуу «QR-төлөм» бөлүмүндөгү QR-кодду сканерлеп жана сумманы көрсөтүп которсо да болот.

    Садага-битирди MegaPay мобилдик тиркемесинде төлөп кайрымдуулук иштерди жасоо мүмкүнчүлүгүн пайдаланыңыз.

    MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору баарыңыздарга бекем ден соолук, тынчтык жана ар бир үй-бүлөгө токчулук, молчулукту каалайт!


    Читать похожее