Ысык-Көлдө Борбор Азия башчыларынын жыйыны башталды

21.07.2022, 11:40 Акчабар
Ысык-Көлдө Борбор Азия башчыларынын жыйыны башталды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү Консультативдик жолугушуусу башталды.

Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев, Эмамоли Рахмон жана Сердар Бердымухамедов катышууда.

Иш-чаранын алкагында, беш мамлекет достукту, ынак коңшулаштыкты жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган документтерге кол коёру пландалууда.

Лидерлер ошондой эле, регионалдык коопсуздуктун чакырыктарына жана коркунучтарына кандай чара көрүү боюнча пикир алмашып, кызматташтыкты кеңейтүү перспективаларын талкуулашат.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Тэги: Борбор Азия саммит Ысык-Көл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть