ЮНИСЕФ медициналык мекемелерге 15 млн сомдук шаймандарды берди

07.11.2023, 10:46 Акчабар
ЮНИСЕФ медициналык мекемелерге 15 млн сомдук шаймандарды берди

ЮНИСЕФ өлкөдөгү медициналык мекемелерге жалпы баасы 15 млн сом болгон шприц ийнелерин кесүүчү кайчыларды, ийнелер үчүн атайын контейнерлерди, чакаларды жана атайын санитардык баштыктарды берди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каражат COVID-19га каршы эмдөөнү илгерилетүү жана вирус менен күрөшүү боюнча Gavi программасынын (CDS) алкагында медициналык калдыктарды башкарууну жакшыртуу үчүн берилди.

Бул каражаттар өлкө боюнча 1 миң 735 эмдөө пунктунун арасында бөлүштүрүлүп чыгат: запастар бул мекемелердин муктаждыктарын дээрлик эки жылга жабат деп күтүлүүдө.

“Медицина кызматкерлеринин жана жалпы калктын коопсуздугу ЮНИСЕФ үчүн биринчи орунда турат. Биз медициналык калдыктарды туура башкарууну жакшыртуу жана бул системанын туруктуулугун бекемдөөдө Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтө бермекчибиз”, - дейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда саламаттык сактоо системасы жыл сайын 10 миң тоннадан ашык калдык чыгарат. Медициналык калдыктар жалпы таштандынын болжол менен 2-3 пайызын гана түзгөнүнө карабастан, алар өзгөчө коркунучтуулардын катарына кирет. Алар кооптуу микроорганизмдерди, уулуу дары-дармектерди камтыйт жана радиологиялык коркунучу бар. Ошондуктан, мындай калдыктар менен иштөө маселесине өтө олуттуу мамиле жасалууга тийиш. Медициналык калдыктардын ар бир түрү өзгөчө туруктуу жана экологиялык жактан коопсуз жол менен иштетилиши керек.

Тэги: шаймандар медицина акчалай жардам ЮНИСЕФ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть