akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Соцөнүктүрүү министрлик

    Опубликовано

    19.08.2020, 08:30

    Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлчүлүгү аймактык бөлүмдөрдүн турмуштук оор кырдаалда турган балдар менен иштеген кызматкерлерин камсыз кылуу максатында, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жеке коргонуу каражаттарын (беткап, колкап, дезинфекциялоочу каражаттар ж. б.) берди.

    [news 27226]

    Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, товарларды жеткирүү 1,3 млн сом суммасында ишке ашырылган. Коргоочу каражаттар республиканын аймактык бөлүмдөрү боюнча андан ары бөлүштүрүү үчүн министрликке жана Ош шаарынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жеткирилип берилди.

    ЮНИСЕФ аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлерин кошумча түрдө 460 миң сомдон ашуун суммага коргоочу костюмдарды камсыз кылат.

    Ошондой эле мурда коронавирустук инфекциясынын жайылышына жол бербөө максатында, 2020-жылдын апрелинде ЮНИСЕФ билим берүү, саламаттыкты сактоо, ошондой эле социалдык өнүктүрүү системасындагы балдар мекемелерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылган.


    Читать похожее

    • 31.05.2024, 02:51:51
    • 28.05.2024, 01:43:08
    • 28.11.2023, 00:45:50
    • 14.11.2023, 21:45:37