USAID Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 66 миллион сом бөлдү

21.03.2020, 16:02 Акчабар
USAID Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө 66 миллион сом бөлдү

АКШнын өкмөтү АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу үч уюмга 66 миллиондон ашык сом (913 миң АКШ доллары) бөлүп берди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал каражат Кыргызстандын COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү аракеттерин колдоого багытталат. Инфекция көзөмөлү, ооруну аныктоо, алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоого өзгөчө көңүл бурулат. Бул приоритеттик багыттар жана ага тиешелүү иш-чаралар Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана өкмөтү менен биргеликте аныкталган.

Бул каражат үч уюм аркылуу берилет. Алардын биринчиси – Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму. Ал коргонуучу жабдуулар менен камсыз кылуу, байкоо жүргүзүү, лабораторияларды колдоо жана пандемияга каршы иш-аракеттерди координациялоо боюнча иштейт.

«Экинчи уюм - Abt Associates ишке ашырып жаткан "Жергиликтүү саламаттыкты сактоо системаларын чыңдоо" долбоору. Бул уюм инфекцияны алдын алуу жана көзөмөлдөө, байкоо жүргүзүү, жаңы учурларды аныктоо боюнча иштейт. Муктаждык болсо, бул долбоордун алкагында ооруну контролдоого зарыл болгон кошумча медикалык жабдык сатып алынат. Үчүнү уюм - Кызыл ай жана кызыл крест коомдорунун федерациясы (Кызыл ай коому). Ал элди вирустан сактануу жөнүндө маалымат менен камсыз кылуу, коомчулуктардын даярдыгын күчөтүү жана вирус жугуп калуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон адамдарды табуу боюнча иш алып барат», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 11-мартта USAID Кыргызстандын медициналык жана башка кызматкерлери үчүн атайын коргонуу жабдыктарын өткөрүп берген. Алардын арасында 10 миң хирургиялык беткап, 10 миң мээлей, 1,4 миң хирургиялык костюм жана 200 коргоочу көз айнек бар. КР Мамлекеттик санитардык жана эпидемиялогиялык кызматы бул жабдык менен COVID-19 вирусун аныктап жана ага каршы күрөшүп жаткан тиешелүү кызматкерлерди камсыз кылып жатат.

Тэги: ЮСАИД коронавирус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть